Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жети-Өгүздө 2 обсервация бар, алар 24 сат бою кайтарылат (фото)

04.05.2020 16:33
900
Жети-Өгүздө 2 обсервация бар, алар 24 сат бою кайтарылат (фото)


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режими алкагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Райондук ички иштер бөлүмүнүн бардык өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Алардан тышкары, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери да коомдук коопсуздук жана укук тартибин камсыздоого тартылган.


Азыркы учурда Жети-Өгүздүн аймагында 2 санитардык-карантиндик посттор жана 16 айылдын ичинде кошумча посттор орнотулган. Райондун аймагында милиция кызматкерлери башка тиешелүү кызматтар менен коронавирус илдетинин алдын алуу жана жайылышын токтотуу багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.


Бүгүнкү күндө райондо жайгашкан 2 обсервациялык пункт милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган. Постто турган милиция кызматкерлери керектүү болгон коргонуучу каражаттар, бет кап, кол кап, атайын костюмдар жана антисептиктер менен камсыздалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн