Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 12:39:14
USD
87.40
87.80
EUR
95.90
96.90
RUB
1.015
1.050

Жети-Өгүздө апасы Россияда эмгектенип жүргөн 3 жаштагы бала сабалып каза болду

26.05.2021 13:20
1420
Жети-Өгүздө апасы Россияда эмгектенип жүргөн 3 жаштагы бала сабалып каза болду

Жети-Өгүздө апасы Россияда эмгектенип жүргөн 3 жаштагы бала сабалып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди. 


Маалым болгондой, 15-май күнү Жети-Өгүз аймактык ооруканасына 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. аттуу жаран 3 жаштагы баланы эсинен танган абалда алып келген.  Аны жандандыруу бөлүмүнө кабыл алышкан. Бирок наристе өзүнө келбей каза болгон. 


Аталган иш "Сабоо" беренеси менен КЖБРне катталып, тергөө иштери жүргөн. 

3 жаштагы баланы апасы Россия иштеп келүү  үчүн келинине таштап кеткен. 


Келиндин айтымында, 15-майда саат 12лер чамасында бала эсинен танган. Ал баланы өзүнө келтирүү үчүн чапкылаган. Бирок бала көзүн ачпагандыктан ооруканага алып келген. 


Облустук сот аны 2 айга камоо чечимин чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн