Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жети-Өгүздө ири өрт кырсыгы катталып, эмерек цехи күйүп кетти

Жети-Өгүздө ири өрт кырсыгы катталып, эмерек цехи күйүп кетти


Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрь түнкү саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатканы тууралуу деген маалымат түшүп, биринчи күжүрмөн эсеп 3:19да барган

Тилсиз жоонун аянты чоң болгондуктан, саат 3:45те 1 андан соң, резервдеги дагы 1 күжүрмөн эсеп чыккан.Тилсиз жоонун жайылганына байланыштуу саат 4:12де Каракол шаарынын №15 ӨКБдан 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жеринде иштеп жатат.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүүдө. Жеринде 28 куткаруучу 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок

2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн