Тогуздун айы 27, 2025
Убакыт: 10:17
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.085
1.115

Жети-Өгүздө милиция кызматкери пневмониядан каза болду

21.07.2020 13:21
1133
Жети-Өгүздө милиция кызматкери пневмониядан каза болду

 

Жети-Өгүз районунда милициянын майору Калыс Садыр уулу дарттан улам дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка караганда, милиция кызматкери пневмонияга чалдыгып, Жети-Өгүз аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган жана медициналык жардамга карабай дарттын кесепетинен көз жумган.


Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери кесиптешинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына көңүл айтат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн