Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жети райондо ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылды

23.06.2020 14:55
970
Жети райондо ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылды


Ички иштер министрлиги тарабынан “Бирдиктүү терезенин негизинде лицензиялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында айрым райондордо Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылууда.

 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Ат-Башы, Тоң, Жети-Өгүз, Манас, Өзгөн райондору жана Сүлүктү, Таш-Көмүр шаары “Е-арыз” тутумуна кошулуп, жалпы 7 пункт ачылды.


2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Жумгал, Талас, Ак-Суу, Түп, Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Чаткал, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Майлуу-Суу шаардык бөлүмүндө жалпы 13 кошумча Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылат.


Алардын максаты:

- Жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, өлкө аймагында соттолгондугу же соттолгон эместиги тууралуу маалымкаттарды берүү;

-  Апостилдөө кызмат көрсөтүү;

-  Кооптуу жүк ташыган транспорттук каражаттарды коштоо;

-  Автоунаа каражаттарына кооптуу жүк ташууга уруксат берүү;

- Жарандык жана кызматтык курал алууга, коопту жардыруучу материалдарды жана пиротехникалык жасалгалоолорду алууга лицензия үчүн иш кагаздарды берүү жана кабыл алуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн