Кыргыз бийлигинин коррупциялашып кеткенинин натыйжасында өлкөбүздөгү эң ири алтын кени саналган «Кумтөр» ушул күнгө чейин мамлекеттин кызыкчылыгына иштебей келатат. Бул кендин чет элдик инвесторлордун колуна тийип, алардын карамагында иштеп келатканына 23 жыл толду. Бирок, ушул күнгө чейин өзүбүздүн кен байлыктын үзүрүн өзүбүз жетишээрлик деңгээлде көрө албай келатабыз. Анын ордуна кенди иштетип жаткан чет элдик компаниянын өкүлдөрү миллиондогон айлык акыларды алып коюп отурушат.
Эми жакындан бери Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенине байланыштуу талаш-тартыштар коомчулукта кызый баштады. Азыртадан бул маселеге коомчулук көз албай көңүл буруп, бийликтин жасап жаткан кадамдарына контроль жасап турбаса, анда Жетим-Тоо темир кени да «Кумтөр» сыяктуу эле бир ууч чиновниктердин жана чет элдик шылуундардын капчыгын калыңдатууга гана кызмат өтөп калышы мүмкүн.
Буга чейин Жетим-Тоо темир кенинин айланасында кандай иштер болуп келгени тууралуу кыргызстандыктар аздыр-көптүр маалымдар болгону менен, кеңири маалыматка ээ бололек эле. Бул кен СССРдин гүлдөп турган учурунда эле изилденген. Алгач 1956-жылы үстүртөн изилденип, С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна запасы бар экени айтылган. Андан кийин 1980-жылы кайрадан изилденип, анда таза темирдин көлөмү 10 миллиард тоннанын тегерегинде экени белгиленген. Айрым маалыматтарга караганда ал жерде алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени айтылып жүрөт. Эгемендик алгандан кийин айтылган божомолдорго таянсак, анда 3,5 миллиард тонна кара метиаллдын запасы бар. Бул запас деле Жетим-Тоо дүйнөдөгү эң ири темир кени катары саналарын далилдейт.
Бул жогоруда айткандарыбыз, Жетим-Тоо кени коррупциясы жок, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн таза иштетиле турган болсо, анда Кыргызстан ал аркылуу тышкы карыздарынан гана кутулбастан, келечек муун үчүн экономикасы өнүккөн күчтүү мамлекетти куруп берүүгө да жарай турганын көрсөтүп турат.
Тилекке каршы, аталган темир кенин да убагында кыргыз бийлиги чет мамлекеттик компанияга сатып жиберүү аракетин жасаган. 2009-жылы темир кенине биринчи лицензия «Арт Майнинг» аттуу фирмага берилген. Бул фирма «Биринчи курулуш компаниясы» аттуу ЖЧКга тиешелүү болгон. Ага Ульяна Пак жана Денис Гладышев аттуу адамдар ээлик кылган. Бул экөө ошол убактагы президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен жакын мамиледе болгону айтылып келет.
«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында Жетим-Тоого лицензияны Бакиевдер 2009-жылы өздөрүнө болгону 300 сомго гана алып коюшкан. Анан ошол фирманын 80%ын Максим Бакиев кытайлык компанияга 20 миллион долларга саткан. Кытайлык компания кенди иштетип баштаганда нарындыктар нааразычылыгын билдирип көтөрүлүп чыгышкан.
«Жетим-Тоонун запасы 5-6 млрд. тонна темир, мунун баасы 80-100 млрд. доллар. Кумтөрдөн да чоң. Ушундай байлыгыбызды Максим Бакиев 300 сомго алып, чет элдиктерге арзан карматып жиберген. Бул коррупция, тоноо экендигин бүт эл көрүп, кыйкырып турду. Бирок ошол кездеги Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин комиссары Садыр Жапаров үн каткан эмес. Эмне, ал сокур, дүлөй же дудук беле? Макул, Максимди убагында кызматынан, бизнесинен корксун. Бирок Максимдин кеткенине он жыл болду. Жапаров ушул аралыкта бул Кыргызстандагы эң чоң коррупциялык иш болгонун айтып койсо, адилеттүү болмок. Кенди биз көтөрүп жатып алып калганбыз», - дейт Текебаев.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Жетим-Тоого берилген лицензия жокко чыгарылат. Андан кийин бир нече жолу соттук териштирүүлөр болуп, 2016-жылы Жетим-Тоого берилген лицензия биротоло мамлекетке кайтарылган.
Ошентип акыркы төрт жылдан бери тынчып калган маселе октябрь тополоңунан кийин кайрадан көтөрүлө баштады. Ошол тополоңдон кийин бийликке келген Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин мамлекет өзү иштетип, андагы чики сырьену эле Кытайга сатуу аркылуу карыздан кутулса боло турганын кыйыткан. Ошондон кийин бул маселенин тегерегинде түрдүү аңыз кептер айтыла баштады. Айрым саясатчылар «Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн Жетим-Тоону аларга бергени жатыптыр» деген да сөздөр пайда болду.
«Эгерде президентибиз кыйшык отурса, теңирден тескери саясат жүргүзсө, аны токтото турган күч жок калат. Ал эртең эле Жетим-Тоону Кытайга жөн эле өткөрүп берип койсо эмне кылабыз? Садыр Жапаров «Жетим-Тоону четинен кытайларга берип, миллиарддаган акчаны алам» деп сөзүнүн четин чыгарып салбадыбы. Президенттик башкаруу болуп калса, ал парламенттен сурабайт, «мына, бердим» деп коөт, эмне кыла аласың? Жетим-Тоо деген эмне? Бул эң аз дегенде 47 млрд. доллар деген сөз. Андагы байлык Кумтөрдөн он эсе чоң. Жетим-Тоо кайсы мамлекеттин колунда болсо, дүйнөдөгү металлдын наркын ошол мамлекет белгилейт. Алар канча жылдан бери ушуну алабыз деп жүрүшөт. Кытайдын прагматикалык кызыкчылыгы бар. Аларга Кыргызстандын өз алдынчалыгы, же башка маселе кызыксыз. Дүйнөдө алтындын эң чоң запастарын алып отурган жерди алыш үчүн каалаган нерсеге барат. Керекпи, өз кишилерин коөт, эптеп Жетим-Тоону алыш керек», - деди бул багытта маек берген саясатчы Ишенбай Кадырбеков телеканалдардын бирине.
Мындай пикирлерге президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов да үн катты. Ал Жетим-Тоо темир кенинин кытай компаниясына берилди деген маалыматтар жалган экенин расмий айтты. Ошол эле убакта президенттикке талапкер Садыр Жапаров да эл менен жолугушууларынын биринде: ««Мага «урматтуу Садыр Нургожоевич, Ишенбай Кадырбеков сизди «Жетим-Тоону Кытайга берип салды» деп жатат» деген суроо келиптир. Бул карандай калп нерсе. Жетим-Тоодо беш-он жылга эмес, 500 жылга жете турган чийки зат бар. Бул мамлекеттин, жаштардын келечеги. Мунун бир пайызын да эч кимге бербейбиз. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен иштетсек болот, өзүбүз иштетебиз. Кудай буйруп, президент болуп шайланып калсам, аны иш жүзүндө көрсөтөм. Бул биздин экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болот. Ачык эле айтайын, бул боюнча иш баштап койгонбуз. Премьер-министр болуп шайланган күндөн баштап, балдарга тапшырма бергем. Мамлекеттик ишкана ачылат, анын башына Темир Сариевди сунуш кылгам. Ал экономикалык багыттагы башка балдар менен иш алып барып жатат», - деп жооп берди.
Демек, азыркы бийликтин жана алдыда өтүүчү президенттик шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп жаткан талапкердин Жетим-Тоону чет мамлекеттик компанияларга сатып жиберейин деген аракети жок экен деп ишенип туралы. Бирок, ошону менен катар эле бул маселени көңүл борборунан бир минут да чыгарууга акыбыз жок. Себеби, «Кумтөр» алтын кени да башында Кыргызстандын кызыкчылыгында иштей тургандай келишимдер менен түзүлүп, 10 жылдан кийин толук түрдө Кыргызстандын карамагына өтө турган болгон. Бирок, кийин кыргыз чиновниктеринин алкымдарынын бузуктугунан улам өлкө кызыкчылыгы биротоло тебелендиде калды. Эми Жетим-Тоону да жегичтердин жемине айлантып салбаш үчүн, аны иштетүүгө жасалып жаткан кадамдардын ар бири элдин көз алдында ачык болушун талап кылуубуз зарыл.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)