Жетинин айы 24, 2025
Убакыт: 06:09
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.090
1.120

Жибек Жолу проспектиси убактылуу жабылды

29.09.2025 10:09
122
Жибек Жолу проспектиси убактылуу жабылды


Жибек Жолу проспектисинде жаңы көпүрөнүн курулушуна байланыштуу жол убактылуу жабылды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, 28-сентябрдан тарта Жибек Жолу проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңы көпүрөнүн курулушунун башталышына байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.


Жаңы көпүрө эки тилкеден алты тилкеге ​​кеңейтилет. Анын узундугу 25 метр, туурасы 34,3 метр болот. Эки тараптан ар биринин туурасы 3 метр келген жөө адамдар өтүүчү тротуар жасалат.


Мындан улам №13, 35, 36, 40, 45, 48, 100, 101, 118, 169, 175 автобус каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөртүлөт.


Каттамдарды алдын ала пландап, альтернативалык У.Салиева, М.Жалил, Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрүү сунушталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн