Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосунда түз авиакаттамдардын санын көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Араб Падышачылыгындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, 21-24-ноябрда кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын жолугушуусу жемиштүү өткөн.
"Авиакаттам байланышын өнүктүрүү жана соода көлөмүн көбөйтүү максатында Бишкек -Жидда багыты боюнча авиакаттамдын санын бир жумада 2 жолу каттай турганы боюнча макулдашууга жетиштик.
Азыркы учурда учуулардын графигин түзүү боюнча элчилик иш алып барууда",- деди элчи мырза.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн