Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ала качуунун кылмыш экендиги тууралуу социалдык ролик таратты. Бул тууралуу аталган милициянын басма сөз кызмат билдирди.
"Ала качуу же никеге туруу максатында ала качуу салтка айланган эмес, ал чыныгы оор кылмыш, жакында мындай окуялар эки тараптын тең оор трагедиясы менен аяктады. Ошол эле учурда, досторуңузду жана тааныштарыңызды оор кылмышка түртүү, кылмышкерлерге шериктеш болгондор да кылмыш жоопкерчилигине тартылышат", - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн