Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жыл аягына чейин 112 социалдык объектинин курулушун аяктоо пландалууда

01.09.2020 10:04
1124
Жыл аягына чейин 112 социалдык объектинин курулушун аяктоо пландалууда


Премьер-министр Кубатбек Боронов билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин, жолдорду, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуучу жана ирригациялык объектилерди куруу маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка таянсак, 2020-жылдын аягына чейин социалдык багыттагы 112 объектинин, анын ичинде 70 билим берүү жана 17 саламаттык сактоо имараттарынын курулушун бүткөрүү пландалууда.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Муну менен катар планга ылайык 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилиши керек», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле,  быйыл 79 айылга таза суу киргизилип, төрт ирригациялык объектинин курулушу аяктайт.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча жыл аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Мындан тышкары, район борборлорундагы жолдордун 152 чакырымына асфальт төшөлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн