Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп курулат

20.10.2022 08:11
387
Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп курулат

Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


«Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 407 миң мектеп окуучусу бар. Билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет», - деди ал.


Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы мындан ары аймактардын билим берүү мекемелерин курууга карай муктаждыктарын аныктоо жаатындагы саясатты түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра тургандыгын белгиледи.


«Бишкекте жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй болгон. Президент быйылкы жылдын күз айларына чейин 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын койгон. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен – 450 млн сом, жалпысынан 3 млрд сом бөлүнгөн. Ырааты менен маселе чечилүүдө. Акыркы 10 жылда Бишкекте 9 гана мектеп курулса, быйыл 17 мектеп курулуп бүттү, анын 15и – республикалык жана жергиликтүү юджеттин эсебинен жана 2 мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулду», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн