Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жыл аягына чейин Кыргызстанда 204 мектептин курулушу аяктайт

14.05.2023 18:35
358
Жыл аягына чейин Кыргызстанда 204 мектептин курулушу аяктайт

Жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында билдирди.



Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мектептин курулушу күзгө чейин бүтөт.


Бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.


"Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.



 

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн