Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жыл аягына чейин Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 4,6 пайызды түзөрү божомолдонууда

28.09.2023 09:27
675
Жыл аягына чейин Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 4,6 пайызды түзөрү божомолдонууда


Кыргызстандын ИДПсы 2023-жылы 4,6 пайызга, 2024-жылы 7 пайызга өсөрү күтүлүүдө. Болжолдоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын сентябрь айындагы Регионалдык экономикалык перспективалар (РЭП) отчетунда камтылган.


Белгилей кетсек, май айындагы маалыматтарга салыштырмалуу божомол начарлап кеткен. Буга чейин банк Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү тиешелүүлүгүнө жараша 7 жана 7,2 пайызды түзөрүн божомолдогон.


ЕРӨБ үстүбүздөгү жылдын жети айында металлдардын (негизинен алтын) өндүрүшүнүн кыскарышы жана айыл чарба секторунун басаңдашы менен экономиканын өсүшү 2022-жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, 2,9 пайызга чейин басаңдагандыгын баса белгилейт. Ошол эле учурда күчтүү тышкы суроо-талаптын аркасында текстиль өнөр жайын өнүктүрүүдө олуттуу секирик байкалды. Туризмде олуттуу өсүш байкалып, бул өз кезегинде тамак-аш өндүрүшүнүн, чекене жана дүң сооданын өсүшүнө алып келди.


«Өлкөнүн экономикасынын өсүшү суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги, ошондой эле республика Россия менен ортомчулук соодага активдүү катышуусуна байланыштуу экинчи даражадагы санкциялар менен чектелиши мүмкүн», - деп айтылат докладда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн