Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жыл аягына чейин ички дүң өнүмдүн көлөмү 5,3 пайызга төмөндөшү мүмкүн

17.05.2020 13:49
998
Жыл аягына чейин ички дүң өнүмдүн көлөмү 5,3 пайызга төмөндөшү мүмкүн


Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-майына карата ички дүң өнүмдүн көлөмү 3,8%га төмөндөдү, деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында.


"Биз экономиканын өнүгүшүнүн пессимисттик, оптимисттик жана орточо варианттагы үч сценарийин карап жатабыз. Акыркы вариантка ылайык биздин божомолубуз боюнча жыл аягына чейин ички дүң өнүмдүн көлөмү 5,3%га төмөндөшү мүмкүн", - деди вице-премьер.   


Андан тышкары, Эркин Асрандиев өкмөттүн экинчи антикризистик программасында капиталдык мунапыс, кепилдик фондду эки эсе көбөйтүү жана ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн антикризистик фонд түзүү чаралары камтылганына токтолду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн