2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан Сауд Аравиясынан 20,2 миң литр минералдык суу импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Акчалай алганда импорт 14,7 миң долларды, же литрине болжол менен 0,7 долларды түздү
Улуттук статистикалык комитеттин статистикасына ылайык, акыркы жолу Сауд Аравиясынан минералдык суу 2018-жылы 1,2 миң литр келген.
Жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн минералдык суунун жалпы импорту 4,6 эсеге, 1,7 млн литрге чейин кыскарган. Көлөмдүн дээрлик 70% Казакстандан келген – 1,2 млн литр импорттолгон.
Ошондой эле минералдык суулар төмөнкү өлкөлөрдөн импорттолгон:
- Грузия - 156,6 миң литр;
- Түркия - 145,6 миң литр;
- Россия - 137,6 миң литр;
- Өзбекстан – 63,1 миң литр;
- Сауд Арабиясы - 20,2 миң литр;
- Литва - 5,3 миң литр;
- Латвия - 900 литр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн