Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жыл башынан бери “Кумтөрдөн” бюджетке канча акча түшкөнү айтылды

20.10.2023 16:56
919
Жыл башынан бери “Кумтөрдөн” бюджетке канча акча түшкөнү айтылды


Быйыл 9 айда Кумтөрдөн республикалык бюджетке 20 миллиард 489 миллион сом түштү, анын ичинде салык төгүмдөрү да бар. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев парламентте фракциялардын биргелешкен жыйынында билдирди.


Анын ичинен 7,3 миллиард сом дүң киреше алынды, минералдык-сырьё базасын өнүктүрүү үчүн 133, Ысык-Көл фондуна 537, Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 322 жана айлана-чөйрөнүн булганганы үчүн 26 миллион сом берилген.


Ошондой эле министр 2022-жылы 34,7 миллиард сом түшкөнүн, бирок быйылкы пайда андан азыраак болорун белгиледи.


"Себеби былтыр көп жылдан бери чегерилбей жаткан минералдык-сырьё базасын өнүктүрүү үчүн 4 пайыздык төлөмдүн баары которулуп, ири өсүш болуп кеткен. Ал төлөмдүн суммасы 16,8 миллиард сом болгон. Быйыл болсо андан 132 миллион сом түшүп жатат, бул планга дал келет", — деди Бакетаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн