Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жыл башынан бери Соцфондго дээрлик 38 млрд сом түштү

26.07.2022 14:37
792
Жыл башынан бери Соцфондго дээрлик 38 млрд сом түштү


Жыл башынан бери Социалдык фонддун бюджетине 37 млрд 905 млн 300 миң сом түштү. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү 23 млрд 849 млн 700 миң сомду түзүп, ал 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,5%га көп.

“2022-жылдын алты айында аскер кызматкерлерине пенсияларды төлөөгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияга кошумча төлөмдөргө жана электр энергиясына компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен 13 млрд 853 млн 800 миң сом, анын ичинде 2022-жылдын июнь айына 2 млрд 257 млн 700 миң түштү”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн