Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жыл башынан бери баткендик ишкерлерге 232,1 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди

21.07.2023 13:58
577
Жыл башынан бери баткендик ишкерлерге 232,1 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди


2023-жылдын 6 айында Баткен облусунда 600дөн ашуун ишкер жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстөгү 6%ды түзгөн насыялар "РСК Банк" жана "Айыл Банк" тарабынан жалпы 508 ишкерге берилген жана насыялардын жалпы суммасы 232,1 млн сомду түзөт. Анын ичинен 408 ишкер насыяны мал чарбачылыгына алса, 100 ишкер талаачылык үчүн алган.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында 107 ишкерге 1% менен жалпы 90,2 млн сом насыя берилди. Насыя алуу үчүн жалпы 162 ишкер кайрылган, учурда кредиттик келишимдер түзүлүп, насыясы которулууда.

Ошондой эле сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору боюнча 5 фермер 2,5 млн сом насыя алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн