Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жыл башынан бери кумар оюндарынын эсебинен 71,7 млн бюджетке түшкөн

01.12.2023 09:46
633
Жыл башынан бери кумар оюндарынын эсебинен 71,7 млн бюджетке түшкөн


2023-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча эки казинонун иштешинен түшкөн салык 68 миллион 850 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирет.


Акыркы бир айда салыктын бул түрүнөн казына 9,9 миллион сом менен толукталды.


Мындан тышкары он айдын ичинде букмекердик конторалардын жана лотереялардын ишинен казынага дагы 2,8 миллион сом, ал эми компьютердик симулятор оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөн.


Ошентип, үстүбүздөгү жылдын он айында эле өлкө бюджети кумар оюндарынын эсебинен 71 миллион 730 миң сомго толукталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн