Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 10:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөө үчүн 9 млрд сом бөлүндү

12.04.2023 15:23
1130
Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөө үчүн 9 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын I кварталында мамлекеттик карызды төлөөгө 9 млрд 37 млн сом жумшалды. Бул тууралуу  Финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.


Ал анын ичинен 6,1 млрд сом тышкы карызды төлөөгө, 2,3 млрд сом ички карызды төлөөгө бөлүнгөнүн билдирди.


"Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 598,9 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 80,3%ы — 4 млрд 494,4 млн сому тышкы карыз, ал эми 19,7%ы ички карыз, ал 1 млрд 104,5 млн сомду түзөт", - деди ал.


Министрдин орун басары үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик тышкы карыз графикке ылайык төлөнгөнүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн