Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жыл башынан бери санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүнгөн

15.06.2023 12:21
797
Жыл башынан бери санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүнгөн


2023-жылы Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик экономикага 500 млн сом каралган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бгүнкү күндө КР министрлер кабинетинин бир катар чечимдерине ылайык 500 млн сомдон 146,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349,3 млн сомду түзгөн КР министрлер кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгеледи, алар КР президентинин иш башкармалыгынын кароосунда турат.

"2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен жалпысынан 496,1 млн сом бөлүштүрүлдү. Бөлүнбөгөн каражаттардын калдыгы 3,9 млн сомду түзөт. Ошону менен катар каржылоо мамлекеттик органдардан арыздардын келип түшүүсүнө жараша жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн