Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жыл соңуна чейин Бишкекке 120 автобус алынып келет

28.10.2022 14:13
355
Жыл соңуна чейин Бишкекке 120 автобус алынып келет

Жыл аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын мэри Эмилбек Абыдкадыров билдирди.


Анын айтымында, автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.


“Белгилеп кетейин, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Тактап айтканда, автобустарды долбоорлордон тышкары сатып алуудабыз. Акыркы төрт-беш жылда өнөктөштөр менен долбоордун алкагында алынып жаткан автобустарга тиешелүү процедуралар созулуп кетти”, - деп кошумчалады шаар башчысы.


Мэр белгилегендей, автобустар кытайлык кампаниядан сатып алынып, акчасы төлөндү.


Кошумчалай кетсек, буга чейин мэрия кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан 120 автобус сатып алары айтылган. Ар биринин баасы тетиктери менен 91 миң АКШ долларын түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн