Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жылдын мыкты спортчулары сыйланышты

02.12.2021 07:13
953
Жылдын мыкты спортчулары сыйланышты



Бүгүн , 1-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында SPORTS AWARDS - 2021 “Жылдын мыкты спортчуларын” сыйлоо салтанаты өттү.  Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Иш- чара дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, салтанаттуу азем менен коштолду.


Сыйлоо салтанатына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, спорт коомчулугу жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 


Азамат Жаманкулов иш - чараны расмий ачып жатып, кыргыз спортунун бүгүнкү күндөгү ийгилиги жана анын мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу кайрылуу жасап, кыргыз спортчулары багындыра турган ийгиликтер алдыда деп белгиледи. Мамлекет тарабынан учурда спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон чечимдер кабыл алынып жатканын айтып, келечекте көптү үмүттөндүргөн спортчулардын ийгилиги аркылуу дүйнөнүн булуң бурчуна кыргыз желеги желбирейт деп сөзүн жыйынтыктады министр. 


Ал эми, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз балбандарынын ийгилиги жалпы кыргыз элинин сыймыгы экендигин белгилеп, эгемен элибизге тынчтык каалады. Ошондой эле Мамлекеттик катчы чет өлкөдө болгон мелдештерде жеңишке жеткен спортчулар кыргыз байрагын желбиреткен учурлар бардыгыбыздын жүрөгүбүздү толкундатып, баарыбызды ынтымакка чакырып тилектештик сезимин ойготот деп баса белгиледи. Ар бир жеңиштин артында чоң эмгек бар. Андыктан, талыкпас эмгек жана бекем ден-соолук каалайм деп сөзүн жыйынтыктады.  


SPORTS AWARDS – 2021 сыйлыгы спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулуп, Topsport.kg сайты, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөштүктө иш алып барды.  


Иш - чаранын жүрүшүндө жылдын мыкты спортчулары сыйланышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн