Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жылдыз Мусабекова: “Бейөкмөт уюмдарынын каражаттары ачык болсун”

05.03.2020 17:03
680
Жылдыз Мусабекова: “Бейөкмөт уюмдарынын каражаттары ачык болсун”


Бейөкмөт уюмдун атын жамынып алып кыргызды уруу-урууга бөлгөн чагымчыл уюмдарыбыз бар. Бул тууралуу 5-мартта “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинде өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова айтты.


Мусабекова учурда Кыргызстанда 14 миң бейөкмөт уюму бар экенин, алардын айрымдары өлкөнүн бетине көлөкө түшүрүп жатканын билдирди.


“Бейөкмөт уюмдардын иш-чарасы ачык болсун, финансысы кайдан келип, эмнеге жумшалып жатат? Алар акчаны аялдарды коргойбуз деп алып, анан эркек күйөгө тийем деп эшикке чыгат экен. Биз мынтип олтура берсек кыргыз элибизди жик-жикке бөлүп, бат эле жок кылып коёбуз”, - дейт Жылдыз  Мусабекова.


Ошондой эле Мусабекова саламаттыкты сактоо тармагына, айыл-чарбага, экономикага каражат тартып, абийирдүүлүк менен иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарды да бар экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн