Канча күн, түн, саат, минут, секунд, көз ирмем экенин билбейм. Жашоо үчүн күрөштүм. Балдарым, үй-бүлөм, бир тууган, дос-жоролорум үчүн күрөштүм.
"Апа, кылым өтүп кеткендей кыйналдык. Апа, сизди жоготуп, жалдырап калабызбы дедик апа, апа, өлбөчү ээ, бизди таштаба ээ?" деген сөздөр мээмде кыттай уюп, Кубам канаты болсо учуп эле келейин деди окшойт.
Ажалдын оозунан кыл сууругандай алып чыккан ак халатчандарга таазим. Эбепке себеп болдубу, билбейм, эң жетишкендик тирүүлүк. Кудайдын көзүнүн түздүгүбү, боору оорудубу үй-бүлөмдүн, балдарымдын кашындамын. "Аман калганың бизге чоң олжо, таянычыбыз, тообуз, тирегибиз" деп Аманбековнам вотсаптан билдирүү жөнөтүптүр. Видео чалуусун алган жокмун, алсам эле өкүрүп ыйлап, Аманбековнамды беймазага салчудаймын.
Бул күндөрү кыйын апаат болду. Көп адамдардан ажырап калдык. Үй-бүлө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Мен үчүн кабатырланып, дуба кылып, менин жашашыма чын дилден күйүп бышкан жакшыларым, асылдарым, досторум, санаалаштарым баарыңыздарга үй-бүлөмдүн атынан терең ыраазычылык!
Эч ким оорубасын! Эч ким жоготуу деген өксүктү жүрөгү аркылуу өткөрбөсүн! Жашагыла жакшыларым!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн