42 жылдык эмгек тажрыйбамда, саны боюнча сегизинчи мамлекетибиздин башчылары менен иштешип келе жатам. Турдакун Усубалиевтин бийлигинен баштап, азыркы Садыр Жапаровтун бийлигине чейин.
Ушул аралыкта, мени эч бир бийлик, кайсы бир маселеде "повестка" менен суракка чакырган эмес, керек болсо күбө катары дагы.
Бирок, Садыр Жапаровтун бийлигинин учурунда, 11 жыл аралыгында колдоп келе жаткан, бир эле өзүн эмес, Кумтөр маселесинде, мени "повестка" менен Бишкек шаарынын Аскердик прокурору чакырганы, коомчулукта талкууга алынды.
Урматтуу менин тарапташтарым, биринчиден Сиздерге чоң ыраазычылык билдирем, мен жөнүндө кабатыр болгонуңуздар үчүн.
Ачыгын айтсам, официалдуу түрдө "повестка" аркылуу чакырылганым мага да түшүнүксүз.
34 депутат С. Жапаров жетектеген Парламенттик Комиссиянын токтом долбоорун колдогонбуз. Кайсы мыйзамдын негизинде депутаттарды суракка чакырып жатышат? Анткени, КРнын ЖКнин депутаты императивтүү мандатка ээ. Б.а. мыйзам ченеминде, депутат айткан сөзү, берген добушу үчүн куугунтукка жана жоопкерчиликке тартылбайт.
Экинчиден, кайсы бийлик болбосун, биздин республикабызда дайыма күчүн, бийлигин, билегин мыйзамсыз көрсөтүп келет. Көрдүк, башыбыздан өткөрдүк ошондой бийликти...аягы эмне менен бүттү ага да күбө болдук.
Ошондуктан, ар бир маселеде азыркы бийлик бир гана мыйзам ченеминде иш алып барса туура болмок.
Кыргыз эли, акыйкатты, адилеттүүлүктү туу туткан элбиз.
Келечек муун эч качан коркок, мокок, кошоматчы, мажирөө болбош керек.
Жылдыз Жолдошева
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн