"Азаттык" саясий партиясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал БШК менен партия мүчөлөрүнүн жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн президент да ушундай кадамга барышы керек.
"Мен ушул жерден бир нерсени баса белгилегим келип турат. Биз үчүн өлкөнүн туруктуулугу баарынан кымбат.
Президент Садыр Жапаровго да, сизге да айтам Нуржан Шайлдабекова, кайра шайлоого баралы. Азыр бийликтин партиясын өткөрүп алсаңар быйыл болбосо эмки жыл көтөрүлүш болот",- деди Жолдошева.
Ал эми Нуржан Шайлдабекова бул шайлоо таза өткөнүн белгилеп, кайра шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн