Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жылдыз Жолдошова Садыр Жапаровго дагы бир сунуш менен кайрылды

16.02.2021 11:27
3606
Жылдыз Жолдошова Садыр Жапаровго дагы бир сунуш менен кайрылды


 Садыр иниме дагы бир сунуш:


Экономикалык абал, республикабызда өтө оор. Албетте бул көрүнүш эгемендүүлүккө ээ болгондон бери келе жатат ( жумушсуздук, тамак-аштын кымбатташы, айлык акынын аздыгы, тышкы карыз ж.б.). Экономикалык кризистен чыгыш үчүн, тез аранын ичинде  Президенттин Аппараты "экономика боюнча антикризистик кеңеш" (экономический антикризисный совет)-түзүүсү зарыл.


Өлкөбүздө профессионалдуу финансист, экономист, салыкчы, таможня тармагында, бизнесмендер ж.б. багытта кызмат өтөгөн инсандардан турган. Антпесек КР Өкмөтүнүн азыркы курамы "алсыз". Мындай курам менен, алыска бара албайбыз. Убакыт тар...


Ал эми, мамлекетибизде стабилдүүлүк болсун десек, анда Президентибиз С. Жапаров, таза,  республикабыз, элибиз үчүн чындап күйгөн  саясатчылардын башын бириктирип, саясий абал жөнүндө ачык, түз эфир аркылуу талкууларды өзү баш болуп уюштуруусу зарыл. О.э. элдин үнүн, түз эфир аркылуу укканы туура болотко... " серый кардиналдардын" сөзүн уккандан көрө. Антпесек, ички, тышкы күчтөр "кыймылга" келе башташты.


Жылдыз Жолдошова



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жакып
Жылдыз эже, сиз Жапаровго кеңешчи болуп иштешиңиз керек. Жапаровдун өзү түшүнбөйт же сабаты жетпей жатат. Чындыгында кырдаал оор Кыргызстанда. Сиз айткандай, эң биринчиси төгөрөгүндөгү чимкириктерди, хоп майли деп туруп аңга түртчү кошоматчыларды жоготуш керек.
Мырзабаева
Эң туура кенеш Жылдыз айым сизге ден соолук ишиңизге ийгиликтерди каалаймын бар болуңуз ушул кырдаалда сиздин кеңешиңиз эң керек деп ойлойм энелердин кеңеши эч качан жаман болбойт