Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:23
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаровду сындаган үчүн баласы кызматтан алындыбы?

26.03.2021 12:11
882
Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаровду  сындаган үчүн баласы кызматтан алындыбы?

"Мекенчил" партиясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошеванын президенттин аппаратында иштеген уулу кызматтан алынган. Бул тууралуу Жолдошева Фейсбук баракчасына жазды. 


Анын айтымында, ал Садыр Жапаровдун саясатын сындаган үчүн уулун кызматтан алган.

"Уулумду Президенттин аппаратынын  жетекчиси С.Касмамбетов 1,5 ай мурун, чакырып кызматка алышкан. Кечээ, мен "Өлкөдөгү саясий абал" деген конференцияда Жерүй, Камбар-Ата-1 маселеси боюнча өз оюму айткан соң, бүгүн уулумду жумуштан кетиришиптир.

Уулум, биздин үй-бүлө эмнени гана  көргөн жок, силер сынбадыңар...менин саясий көз карашымды колдоп келдиңер, кандай гана кырдаал болбосун. Ал үчүн, мен сиздерге ыраазымын",- деп билдирүү калтырган. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Давлет
Ракета эже
Таа
Садырдын аброю ракета болуп которулуп атат деп катуу кеттиниз еле.