Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жылдызкан Жолдошова: Садыр, Ахматбек, Камчы, силер кутуңарды учуруп алгансыңар

10.03.2021 14:42
8114
Жылдызкан Жолдошова: Садыр, Ахматбек, Камчы,  силер  кутуңарды учуруп алгансыңар

Садыр, Ахматбек, Камчы, Сиздерге кут үч жолу келген. Мындай пикирин ЖКнын мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова Фейсбук баракчасына жазды.


"Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан "кутту", болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар. 

Мен, кыргыздын үч чыгаан уулдарына, үч доско, үч лидердин замандашы, партиялаш коллегасы, эжеси, о.э. алардын басып өткөн жолдоруна күбө катары бир насаатымы инилериме айтып коюну чечтим. 

Садыр, Ахматбек, Камчы, Сиздерге кут үч жолу келген: 1-си 2007ж, 2-си 2010ж, 3-сү 2020 ж. 

2010 жылы келген "кутту", Сиздердин оппоненттериңер атайын "чагымчыл" иштерди жасашканда, кечиресиздер Сиздер ошол "чагымчыл" иштерге туруштук бере албай, ынтымагыңар "ыдырап" кутуңарды учуруп алгансыңар...аттиң. 

Азыр да Сиздердин, ачык эле айтайын душмандарыңар ошол эле "ыкманы" колдонуп жатышат, а Сиздер ошол "ыкмага" баш ийбей ынтымагыңарды бекемдегиле. Анткени артыңарда Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин, кыргыз элинин тагдыры турат. Жоопкерчиликти сезгиле, "кутту" учуруп албагыла. Элиңердин "ишенимин" жана " үмүтүн" актагыла деп, эжеңер Жылдызкан Джолдошова" , - деген билдирүү калтырган.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Эми
Шакалдар оңолбойт
Калысбек
Кут 3 эмес 13 жолу келсе да Акматбек жүргөн жерде, сөөк-саагы менен жеп жоготпойбу. Мындай митаам, арам,мерес, чыккынчы 167жылда бир туулат, каапыр кара башыңды жегир ий !
GLADIATOR
Кутту кетирген башкалар себеп болбодубу? Оздоруно оздору
Калысбек
Ошондо тарбиялап чыккан "уулдарыңар, кут учургучтарбы?" Акмакбекти дажи берки экөө кошкон жок го, ошол итти жармаштырбай эле койчу, Жылдызка !!!
Али
Жылдыз айымдын оюнда кут Келдибеков го. Ошону катарына кошушуп, бийликке алып келишсе эле Кыргыз мамлекети өнүгүп кетет окшойт