Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:30
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жылына 1,5 миң бала жүрөк кемтиги менен төрөлүп, 350 бала чарчап калат

26.03.2021 09:38
844
Жылына 1,5 миң бала жүрөк кемтиги менен төрөлүп, 350 бала чарчап калат


Улуттук кызыкчылыкты коргоо, калктын саламаттыгына кам көрүү - мамлекеттин түздөн-түз милдети. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев кечээ, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутаттын маалыматында, жылына 1 жарым миң бала жүрөк кемтиги менен төрөлүп, 350 бала чарчап калат. “Балдарыбыздын ден соолугу ушундай коркунучта болсо, экономикабыз кантип каралат, кантип өлкөбүз өнүгөт?”, - деди Бакыт Төрөбаев.


Ал белгилегендей, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун даяр имараты турат. Бирок, 30-40 млн сомдой каражаттын жоктугунан борбордогу жүрөк оорулууларды дарылоочу бөлүм иштебей турат. Андыктан өкмөт аталган маселени ыкчамдатып чечүүсү шарт.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн