Тогуздун айы 04, 2024
Убакыт: 17:42
USD
84.60
85.10
EUR
92.90
93.90
RUB
0.885
0.925

Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбайт

11.09.2023 15:02
402
Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбайт


Электроэнергия менен жылытуу системасына альтернативасы жок көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди.


"Борбордук же автономдук жылытуу системасы жок үйлөр бар. Аларга чектөө киргизбейбиз. Былтыр деле электр энергиясы тартыш болгон. Бирок ага карабастан мындай үйлөргө чектөө коюлган эмес", — деди ал.


Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев төмөнкүлөрдү билдирди.


"Үч фаза койдургандар, ага уруксат алгандар үйүн ток менен жылыта алат. Мында чарбалык керектөөгө 10 киловатт, жылытууга 7 киловатт деген техникалык шарт бар. Бул документтин ээси электр энергиясын ушул көлөмдө колдонууга укугу бар. Бирок келишимде электр энергиясы өтө көп колдонулган сааттарда керектөөчү өзүн чектеши керек деп жазылган. Бул техникалык шарт аткарылбаса, келишим жокко чыгарылат. Андыктан максимумга жеткен сааттарда электр энергиясы менен жылытууну токтотуп же минимумга түшүрүп турууну суранабыз. Калган учурда чектөө жок, мурун да болгон эмес", — деди Ибраев.


Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбай тургандыгы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн