Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жылжытып туруп жеңип алган "жылжытма жеңиш" болуп калды окшойт бул жагы...

29.11.2021 18:25
1644
Жылжытып туруп жеңип алган "жылжытма жеңиш" болуп калды окшойт бул жагы...


Мындай карасаң, эчтеке дей албайсың, бүт баардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алды. Административдик ресурс колдонулбаган сыяктуу, парламентке анча мынча "тазалар" келген сыяктуу реалдуу ахвалдын сүрөтүн тартышты..  Президент шайлоого аралашпаган сыяктуу билдирүүлөрдү жасап келди: "бийликтин партиясыбыз" дегендерге добуш бербегиле!- деп... А кишини "азамат экен, калыс экен" деп ойлоп калгансыды көбү.. Бирок эми,.. Ишеним, Ынтымак, Атажурт-Кыргызстан "эки достун" парламенттеги негизги таянычы экенин; ал партиялар парламентте көпчүлүктү түзүп мурунку Алга Кыргызстан, Акжол, Сдпк, Мекеним Кырг.н сыяктуу жолдор мн бараткандыгын,.. эки достун партиясы парламентте добуш берээрге келгенде "эки дос" каалагандай кнопке басаарын, баарыбыз туюк туюп турабыз.. Бирок көбүбүз унчукпайбыз..


Аягында үч нерсе айтат элем: 


1). Эл өзү тээ башында  "шайлоого катышып берчи" деп сурангандыктан парламенттик жарышка катышып, өз округунда "таза" чуркап, "таза" жеңишке жетишкен, бүт атаандаштарын артка калтырган (Камчыбек Ташиевдин иниси) Шаирбек Ташиевге ийгилик каалап, парламентте көрүнбөс "аталык" болуп калуу кокустугунан алыс болушун каалайм. 


2). Бу жолку шайлоонун убалына калган , БШКнын көмпүтүрүн өчүрүп кайра күйгүзүп көз жазгырган жанагы шүмшүк "хакерге" наалат айтам. Ал оңбогон хакер чалчу боткону  нотбугунда чалдыбы, планшетиндеби ушуну тактап, анын  жазаланышын каалайм..


3). "Бийлик антти-минтти.." деп кинкилдей берген менен,.. ар келген бийлик өз өмүрүнүн узун болушу үчүн  мурунку  бийликтерге "ишке жарап" келген байларды, колунда барларды, чөнтөктүүлөрдү: жаңы партияларды түзө салып аларды каржылоого колдонуп келишкен. Азыркы бийлик да  так ошол эле шансты колдонду.  Демократиялык сыяктанымыш этип, тактикалык жактан оппоненттерин "утту".  Берки оппоненттер жеңип бийликти балким колуна алган чакта алар деле "байлар катмарын" өз пайдасына жумшамак... Кыскасы, кокту-колоттук аң сезим менен чыныгы демократия курулбасын дагы бир ирет өз көзүбүз менен көрүп олтурабыз. А дейбиз, бу дейбиз, эл эмне эксе ошонун түшүмүн алчудай болуп калды...


Эрнис Кыяз, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн