Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 19:41
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду

21.07.2020 08:53
3845
Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду


Коомдук жана саясий ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан. Бүгүн, 21-июлга караган түнү көз жумган.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.

1989-жылы “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул жумуштан кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн