Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жыргалбек Бабаев: "Абдилат Капаров атайын жалган жалаа жапкан"

12.01.2021 14:46
1269
Жыргалбек Бабаев: "Абдилат Капаров атайын жалган жалаа жапкан"


Бүгүн Жогорку сотто Абдилат Капаровдун арызы боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул отурумга күбө катары экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков чакырылган. Бирок алар отурумга келген эмес. Алардын жактоочусу Жыргалбек Бабаев өкүлдүк укугун колдонгон. 


Соттук отурумда сот Капаровдун арызын негизсиз деп таап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган. Буга байланыштуу жактоочу Бабаев айрым суроолорго жооп берди.


- Бул соттук отурумга  эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келген жок?


- Жогорку сотко өзү Жээнбековдор келбей эле койсо болот.  Жогорку сот буларды негизсиз чакырды деп эсептейм. Сооронбай Шариповичтин бул ишке эч кандай тиешеси жок. Асылбек Жээнбеков күбө катары чакырылган экен. Бирок ал киши катышпаса деле ишти караса болот. Андыктан жактоочусу катары мен катыштым.


- Жогорку сот мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды. Эми мындан ары кандай кадамдар жасалат?


- Жээнбековдордун өкүлү катары биз Башкы прокуратурага А.Капаров билип туруп атайын жалган жалаа жаап жатканы боюнча кайрылдык. Себеби Капаров башында 3 миллион доллар, кийин 50 миллион доллар алган деп жалган айтып жатпайбы. Буга карата эч кандай далил жок. Ага Жээнбековдордун тиешеси жок болгондуктан  иш кыскартылган. Ошого карабастан, дагы деле жалган маалымат таратканын улантууда. Капаровду Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинин негизинде жоопко тартуу үчүн арыз менен кайрылдык.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн