Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жириновский Кыргызстан менен мамилени токтотуп, мигранттардын кетишин талап кылды

10.08.2021 13:23
2259
Жириновский Кыргызстан менен мамилени токтотуп, мигранттардын кетишин талап кылды

Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский Кыргызстан менен мамилени токтотуп, элчини кайтарып алууну сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.


Маалыматка караганда, Жириновский баштаган топ Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде митинг өткөрөт.


"Элчини чакыртып алышыбыз керек. Бардык соода-экономикалык байланыштарды токтотуу зарыл. 

Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг өткөрүп Россияда иштеген мигранттарды депортацияланышын талап кылабыз. Мен да пикетке катышам",- деди Жириновский.


Эскерте кетсек, мындай реакцияга Кыргызстандагы соода борборлорунун биринде кыргыз тилдүү жаран орус тилинде сүйлөгөн жаран менен чатакташып, калькулятор менен чапкандан кийин айтылууда.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Батма
Озубуз ботон жерде аран жургондо ушундай чала патриоттор куйгуздуго
Эмилов азим
Бумеранг. Бир акмак озунчо патриот болуп кыргыз ьилде суйло деп калькулятор менен бир кызды чапты. Эми ал эшектин айынан бир бутундой эл жабыркаганы турат.