Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эл жыш райондорду дезинфекциялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, - Боронов

09.04.2020 14:28
1027
Эл жыш райондорду дезинфекциялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, - Боронов


Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.


Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш. 


«Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 


Ал тийиштүү кызматтар көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр гана эмес, чет жакалардагы жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы керек. Жыш отурукташкан райондорго өзгөчө көңүл буруу зарыл. 


«Бардык облустарда дезинфекциялык иштердин сапаттуу ишке ашырылышын камсыздоо керек. Дагы бир ирет белгилеп кетем, коронавирусту дарылоо жана анын жайылып кетишине жол бербөө процессине тартылган бардык медициналык кызматкерлер толук көлөмдө коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу зарыл. Алыскы райондордогу бир дагы врач тийиштүү коргонуучу формасыз калбашы зарыл. Өкмөт Саламаттык сактоо министрилигинин алдына катуу талаптарды коюуда. Ушул татаал кырдаалда иштеп жаткан медициналык жана башка тармактын адистеринин коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди биринчи вице-премьер-министр.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн