Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жыштык маселесинин акыйкат иликтенишине Боронов гарант боло албайт, - “Ата Мекен”

17.06.2020 09:43
1117
Жыштык маселесинин акыйкат иликтенишине Боронов гарант боло албайт, - “Ата Мекен”



«Ата Мекен» партиясы премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлиги жөнүндө билдирүү таратты.

 

Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык схемаларга катышы бар деген шек менен коомчулуктун кысымы астында премьер-министр кызматынан кетти, деп билдирди «Ата Мекен» партиясы Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча өзүнүн билдирүүсүндө.



Партиянын пикиринде, мурдагы өкмөт башчы расмий негиз катары радио жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иш боюнча объективдүү териштирүүнүн зарылдыгы жөнүндө тезисти ортого салды.



Абылгазиев премьер-министр кызматына келген курамдын ичинен эки адам гана өз кызматтарында калышты. Алардын бири - Абылгазиевдин ордуна талапкер Кубатбек Боронов. Азыр, көпчүлүк коалиция Кубатбек Бороновду премьер-министрлик кызматына көрсөтүп, Абылгазиевдин ишин, көркөм сөз менен айтканда аны "улантууну" көздөп жатат. Бул кырдаалдын моралдык-этикалык жагы депутаттардын тынчын таптакыр албайт. Бирок Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевден кем эмес”, - деп жазылат билдиүүдө.

 

"Ата Мекен" партиясы өкмөттүн программасынын жоктугу, кризистердин алдын алуу жана кыйынчылыктарга өз убагында жооп бере албагандар келечекте жооп бере турганын эскерткен. Партия радио жыштыктын сатылышы боюнча ишти акыйкат териштирүүгө Боронов гарант болуп бере албай турганын баса белгилеген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн