Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жыштык сатуу боюнча Максим Бакиевдин схемасы дагы деле иштеп жатат, - Акаев

16.06.2020 12:58
1316
Жыштык сатуу боюнча Максим Бакиевдин схемасы дагы деле иштеп жатат, - Акаев


Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин радио жыштык боюнча кылмыш иши Аскер прокуратурасында каралып жатат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев бүгүн, 16-июнда Көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

 

Анын айтымында, учурда кылмыш иши козголгон, иш толугу менен азыр Аскер прокуратурасында. Тергөө тобунун ичинде УКМКнын да өкүлдөрү бар.

 

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, жыштык сатуу боюнча азыр мафия түзүп алышкан. Максим Бакиевдин схемасы дагы деле иштеп жатат.

 

Мындан түшкөн акчалар азыр деле Бакиевдерге кетип жатат. УКМК жана укук коргоо органдары менен биргеликте ушул схеманы жоюу керек. Мен сиздин өзүңүзгө дагы айтып берем, бюджетке кантип ондогон млн акчаларды түшүрсө болот? Өкмөт ушундай көйгөйлөргө көңүл бурушу керек”, - деп кайрылды Жанар Акаев Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагалыгына талапкер Алтынбек Исмаиловго кайрылып.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн