Америка президенти Жо Байдендин рейтинги болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Reuters агенттигине таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Reuters жана Ipsos агенттиктери 16-августта сурамжылоо жүргүзгөн. Анда президент Байдендин рейтинги 46 пайызга чейин түшүп кеткен.
Көпчүлүк сурамжылоого катышкандар Ооганстандагы окуядан кийин Байденге болгон ишенимин жоготкон.
Байденге чейинки президенттердин рейтинги мынчалык түшкөн эмес экени белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн