Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш 2020-жылдагы республикалык бюджеттеги өзгөртүүлөрдү колдоду

21.05.2020 19:48
616
Жогорку Кеңеш 2020-жылдагы республикалык бюджеттеги өзгөртүүлөрдү колдоду


Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынды.


Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.


Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмиль Токтошев менен финансы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндама жасады.


Эмиль Токтошев Бюджет жана финансы боюнча комитет экинчи окууга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлерин бекитүүнү сунуш кыларын билдирди:

- республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 135 346 827,2 миң сом;

- республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 163 039 088,4 миң сом;

- ал эми тартыштык 27 692 261,2 миң сом көлөмүндө.


Андан тышкары комитет төрагасы ички булактардын эсебинен жалпы 13 млрд сомдун тегерегинде бюджетти толтуруу боюнча бир катар сунуштарды берди. Анын ичинен алтын кошулмаларын жана концентраттарын республикадан чыгаруудагы салыктык төлөм чендерин көтөрүү, контрабанданы токтотуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүү сунуштары айтылды. 


Ал эми финансы министри Бактыгүл Жеенбаева аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кароону өтүндү.


Белгилей кетсек, бул мыйзамга өзгөртүүлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу республика боюнча киргизилген карантин жана өзгөчө абал шартында бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу жана бюджетти түзөтүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.


Анткени чек аралардын жабылышы бажы алымдарынын кыйла төмөндөшүнө алып келди, мындан тышкары, карантин шартында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, курулуш тармагында, коомдук транспорт жана башка багыттарда иш алып барган объектилердин маанилүү бөлүгүнүн жумуштарынын токтошунан улам салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшү болжолдонууда.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн