Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңеш 3 министрди кызматка дайындоого макулдук берди

13.09.2023 14:12
318
Жогорку Кеңеш 3 министрди кызматка дайындоого макулдук берди


Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Талапкерлер боюнча маалыматты президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 7-сентябрда бир катар жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн