Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш 30 кычкылтек концентраторун аймактык ооруканаларга жөнөтөт

13.07.2020 19:33
914
Жогорку Кеңеш 30 кычкылтек концентраторун аймактык ооруканаларга жөнөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен парламенттик аппараттын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ян Цайпинь айым баштаган Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин Ассоциациясы 30 кычкылтек концентраторун берди.


Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  көмөк көрсөткөн ишкерлердин катарында Умар Ашим, Шерали Абдикерим жана Супражим Даават бар.


Ишкерлер менен болгон жолугушууда төрага Дастанбек Жумабеков ушундай оор учурда көрсөткөн көмөгү үчүн Ассоциацияга ыраазычылык билдирди.


Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын көрсөтмөсүнө ылайык аталган кычкылтек концентраторлору муктаж болгон аймактык саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн