Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жогорку Кеңеш Аида Исмаилованы эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына бекиткен жок

28.10.2020 13:26
1424
Жогорку Кеңеш Аида Исмаилованы эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына бекиткен жок


Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Аида Исмаилованын талапкерлигин эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына жактырышкан жок.


А.Исмаиловага добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышып жаткан 65 депутаттын ичинен 30 депутат гана макул болду. Мындан улам анын талапкерлиги колдоо тапкан жок. 


Аида Исмаилованын талапкерлиги премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Буга чейин ал вице-премьер-министр кызматынан алынганы маалымдалган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айзат
Садыр сунуштаган учун колдошпогон окшойт.