Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарлык кызматына Жамгырчиева Гүлнара Оморовнанын талапкерлигин жактырды.
Бүгүн, 18-мартта парламенттин жалпы жыйынында КР акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан Акыйкатчынын орун басарлык кызмат ордуна Гүлнара Жамгычиеванын талапкерлиги сунушталды.
Токон Мамытовдун айтымында, бул талапкер Акыйкатчынын аппаратында 5 жылдай эмгектенген.
Добуш берүү жабык түрдө өтүп, 88 депутаттын макулдугу менен Гүлнара Жамгычиева 5 жылдык мөөнөткө шайланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн