Ала-Тоо аянты жөн эле шаардагы көп аянттардын бири эмес, жада калса жөн эле бир шаардын борбордук аянты эмес. Бул бир өлкөнүн, сүйүктүү Кыргызстаныбыздагы башкы аянт. Жай учурда күнү-түнү адам үзүлбөй, небересин жетелеген улгайган адамдарды, кол кармашкан жаштарды дайым көрүүгө болот эле. Карантин учурунда үйлөрүнөн чыга албай отурган жарандарыбызга Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы дал ушул өлкөнүн башкы аянтынын азыркы абалынан сүрөт баян сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн