Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы акыркы отурумунда депутат Бакытбек Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок.
Депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын сунушун карап чыгып, анда Жетигенов бийликти басып алууга аракет кылды деген фактыларды аныктаган эмес.
Мындан улам депутаттык комиссия Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес. Бул чечимди Жогорку Кеңештин 88 депутаты колдоду.
Эми депутат Бакытбек Жетигенов абактан бошотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн