Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын отчетун жактырды

21.05.2020 15:42
1225
Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын отчетун жактырды


Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-майдагы жалпы жыйынында депутаттар Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2019-жылы прокуратура органдарынын аткарган иштери тууралуу отчётун жактырды.


Жамшитовдун маалыматы боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 2019-жылы жалпысынан 1 млрд 79 млн 556 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 352 млн 52 миң сом акчалай, 727 млн 503 миң сомдук натуралай түрдө алынган. Ал эми мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1332 чара көрүү актылары киргизилип, 2225 мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерге тартиптик жаза колдонулган.


Ал эми экстремизм менен терроризмдин алдын алуу жаатында 25 доо арызы келтирилип, айрым диний уюмдардын 395 интернет сайтына тосмо тыюулары коюлган. Мындан сырткары тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын ишинин мыйзамдуулугун кароо багытында 1005 пландалган жана күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп, 5000ден ашуун негизсиз чечим прокуратура органдары тарабынан жокко чыгарылган.


Депутаттар башкы прокурорго козголгон кылмыш иштери, мыйзамдардын аткарылышы тууралуу бир катар суроолорун берип, талкуунун соңунда прокуратура органдарынын өткөн жылда аткарган иштеринин отчётун кабыл алып берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн