Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын прокуратурасы жөнүндө конституциялык мыйзамга жана Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырды.
Бул мыйзам долбоорунда Башкы прокуратурадан тергөө функцияларын алып салуу сунушталууда. Башкы прокуратуранын беренелери УКМКга, Ички иштер министрлигине жана Аскердик прокуратурага өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, президенттик аппарат 2023-жылдын апрелинде прокуратуранын бир катар ыйгарым укуктарын жана функцияларын алып салууну сунуштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн