Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда

28.01.2022 10:52
859
Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда



 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.



"Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.

Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин стабилдүүлүгү жана тынчтыгы баардыгынан бийик турат. 

Бул оор күндөрү кастыктан, чагымчылдыктан абайлайлы",- деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, 27-январь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма,  Көчө-Бою, Таш-Тумшук, Эки-Таш аймактарында ок атышуу болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн